Казакстан КМШ өлкөлөрү арасында Е-өкмөт тутумун өнүктүрүү боюнча лидер

Казакстан КМШ өлкөлөрү арасында Е-өкмөт тутумун өнүктүрүү боюнча лидер

Казакстан «Электрондук өкмөт» тутумун өнүктүрүү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин төрагасы Анар Жайылганова билдирди. Анын айтымында, кеп БУУнун «Е-өкмөт» өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнүн рейтинги боюнча болууда. Анда 193 өлкөнүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча электрондук платформаларынын ишине баа берилди. Бул көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында Казакстан 29-орунда турат. Баяндамачы учурда мамлекеттик кызматтардын 94,4% дароо электрондук форматка өткөндүгүн белгиледи. Алардын ичинен эң суроо-талапка ээ кызматтар автоунааларды каттоо, инсандыгын тастыктаган документтерди берүү, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, жарандарды жашаган жери боюнча каттоо болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков