Казакстанда кийиктерди саноо иштери башталды

Казакстанда кийиктерди саноо иштери башталды

Казакстанда кийиктерди саноо жүрүп жатат. Бул максатта инспекторлор тобу өлкө аймагындагы түрлөрдүн эсебин жүргүзүүгө ниеттенүүдө. Учурда Караганды жана Акмола облустарында кийиктердин популяциясы боюнча иш улантылууда. Саноо иштери бугу айынын 5не чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Азыркы учурда өлкөдө Охотзоопром инспекторлорунун эки эсеп тобу иш алып барууда. Алардын биринчиси Бетпакдала популяциясына, экинчиси - Орал менен Үстирт популяцияларына эсеп жүргүзүүдө. Эсепке тик учак менен 200гө жакын учуу сааты каралган», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2019-жылы кийиктердин санын аныктоо үчүн атайын аба санагы жүргүзүлгөн. Ошол учурда алардын Казакстандагы саны 334 миң 400 башты түзгөн. Ал эми былтыр карантиндик чектөөлөргө байланыштуу аба эсеби жүргүзүлбөй калган.

Казакстан Республикасынын аймагында 2023-жылга чейин кийиктерди атууга жана алардын бөлүктөрүн колдонууга тыюу салынган. Мыйзамды бузгандар 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков