COVID-19: Казакстандын аймактарындагы абал

Казакстандын 4 аймагы дале болсо коронавирустун кызыл зонасында калууда. Бул  жерде илдет жуктуруунун жаңы учурлары жогору.  Костанай, Акмола, Павлодар жана Түндүк Казакстан облустарында статистикалык көрсөткүч жакшы эмес. Мындай маалыматтар бүгүн Улуттук коомдук саламаттык сактоо сайтында жарыяланды. Тактап айтканда, Акмола облусунда башкы санитардык дарыгердин күчөтүлгөн карантиндик чараларды көрүү жөнүндө жарлыгы буга чейин жарыяланган. Ага ылайык, жашоочуларга өтө зарылчылык болбосо, үйлөрүнөн чыгууга тыюу салынат. Атырау жана Чыгыш Казакстан облустары, ошондой эле, республиканын борбору Нур-Султан шаары дагы сары зонада кала берүүдө. Калган региондор жашыл зонада, анын курамына азыр Алматы да кирет. Эске салсак, бул түс карантиндик чаралардын жумшартылышы мүмкүн экендигин билдирет. Пандемия башталгандан бери дээрлик 135 миң казакстандык коронавируска чалдыгып, 1990 учур өлүм менен аяктагандыгын белгилей кетүү керек.