Алматыда медиа жаатында жаңы билим берүү мекемеси ачылууда

Алматыда медиа жаатында жаңы билим берүү мекемеси ачылууда

Казакстандык студенттер атайын эффекттерди жасоого үйрөтүлөт. Өлкөдөгү бир дагы кино мектебинде же университетте тиешелүү мындай адистик боло элек.

Алматыда Американын окутуу методикасы менен медиа жаатында жаңы билим берүү мекемеси ачылууда. Адистердин айтымында, кино тармагы дагы деле болсо жогорку квалификациялуу кадрлар жетишпеген тармактардын бири. Атап айтканда, режиссура, сценарий жазуу, монтаж сыяктуу адистиктер боюнча, аны менен катар, биринчи кезекте, санарип форматта адистер жетишсиз. «Тармакка тиешелүү технологиялар тездик менен өнүгүп келе жаткандыгын эске алганда, заманбап киноөндүрүшүндө ийгиликке жетүү үчүн дүйнөлүк тенденцияларды өздөштүрө билүү керек»,  –  дешет адистер.

Белгилей кетсек, жаңы билим берүү мекемесинде гранттардын тутуму болот. Быйылкы окуу жылына 100 орундун бөлүнүшү күтүлүүдө.

Гульнара Абикеева, Казакстан кино сынчылары бирикмесинин президенти:

- Диджитал фильм менен продакшн, ошондой эле санарип кинокөрсөтүү өндүрүшү болот. Ушул жылы жаңы адистиктерди ачууну мерчемдеп жатабыз. Аны түрдүүчө атоого болот: «Моушн дизайн», «продакшн дизайн». Жалпак тил менен айтканда, «өзгөчө эффектилер өндүрүшү» десек болот. Кийин аны «гейм дизайн» деңгээлине чейин өнүктүрөбүз. Бул Казакстанда азырынча жок адистик.

Которгон: Илгиз Жамалбеков