Казакстанда этносаясат магистрлерин даярдаган алгачкы программа иштей баштады

Казакстанда этносаясат магистрлерин даярдаган алгачкы программа иштей баштады

Казакстанда этносаясат магистрлери даярдалат. Бул өлкөнүн жогорку окуу жайларынын билим берүү тутумунда буга чейин болуп көрбөгөндөй тажрыйба. Ал тургай Борбор Азия чөлкөмүндө альтернативасы жок демилге.  Уникалдуу долбоордун алкагында атайын эки жылдык окуу планы иштелип чыкты. Казакстандыктар менен катар чет элдиктерди да окутууга мүмкүнчүлүк бар. Бардык жараяндар казак, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Дарстарды Евразия Улуттук Университетинин Саясат таануу жана Казакстан Эли Ассамблеясы кафедрасынын окутуучулары окушат.

Багыш Габдулина, Л.Н. Гумилёв атындагы ЕУУ саясат таануу кафедрасы жетекчисинин милдетин аткаруучу:

- Казакстан Республикасы көп диаспоралуу мамлекет. Демек, биринчиден, Казакстанда жашаган улуттардын жана этностордун саясий тарыхын изилдөө керек. Ошондой эле, дүйнөлүк саясий жараяндагы этносаясий тенденцияларга талдоо жүргүзүү көздөлүүдө. Себеби, мамлекеттин саясий туруктуулугун камсыз кылуучу бирден-бир фактор - этносаясий мамилелерди натыйжалуу, оптималдуу чечүү. Буга байланыштуу, дүйнөдөгү ар бир мамлекеттин күн тартибиндеги эң маанилүү тема – аталган этносаясий маселеге өзгөчө көңүл буруу эсептелет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков