Социалдык ишкерлерге салыктык жеңилдиктерди берүү сунушталды

Социалдык ишкерлерге салыктык жеңилдиктерди берүү сунушталды

Мажилис депутаттары социалдык ишкерлерге салык жеңилдиктерин берүүнү сунушташты. Атап айтканда: кызматкерлерди окутууга жана кайра даярдоого жумшалган чыгымдарга кеткен салыктарды азайтуу. Мыйзам долбоорунун негизги максаты - социалдык ишкердүүлүктү колдоо чараларын бекитүү болуп саналат. Мажилис депутаты Екатерина Смышляеванын айтымында, мындай ишканалар үчүн бир катар салык жеңилдиктери бир нече жылдан бери иштеп келе жатат. Бул ченемдерди киргизүү жеңилдетилген салык салууну талап кылган ишкердик субъекттеринин тизмесин кыйла кеңейтет. Мындан тышкары, депутаттар социалдык ишкердикти өнүктүрүү боюнча түзөтүүлөрдүн долбоорун жактырышты. Бизнес гранттык колдоону, субсидияланган насыянын ченемдерин, ошондой эле, инфраструктураны камсыз кылууда жана инвестициялык өнөктөштөрдү табууда жардам ала алышат. Белгилей кетсек, документте социалдык ишкердин макамынын аныктамасы жана бул жаатта ишкерлердин реестрин түзүү керектиги так жазылган.

Екатерина Смышляева, Казакстандын Парламент Мажилисинин депутаты:

- Мыйзам долбооруна ылайык, макамга ээ болуу үчүн ишкер төмөнкү шарттардын жок дегенде бирин аткарууга тийиш: жарандардын социалдык аялуу категориялары үчүн кызматкерлердин жалпы санынын кеминде 50 пайызы өлчөмүндө сапаттуу жумуш орундарын түзүү; Калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн арналган товарларды өндүрүү, сатуудан түшкөн киреше ишкананын жалпы кирешесинин кеминде 50 пайызын түзүшү керек; Социалдык кызматтарды, ошондой эле, саламаттык сактоо, билим берүү жана окутуу, маданият жана спорт жаатындагы кызматтарды көрсөтүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков