Казакстандын ишкер аялдары БУУнун көргөзмөсүнө катышууда

Казакстандын ишкер аялдары БУУнун көргөзмөсүнө катышууда

Казакстандын ишкер айымдары Бириккен Улуттар Уюмунун «Аялдар ишкердүүлүгү» аттуу биринчи аймактык көргөзмөсүнө катышууда. Иш-чара 12 мамлекеттен жүздөгөн ийгиликтүү айымды, ошондой эле, Европа жана Борбордук Азиядагы ири эл аралык компаниялардын мүчөлөрүн жана инвесторлорду чогултту. Уникалдуу иш-чара онлайн форматта өтүүдө. Анын негизги максаты - ишкер аялдарды пандемия учурунда дагы, эпидемия кайталанып жатканда да колдоо көрсөтүү болуп саналат. Ошондой эле, көргөзмө ишкерлерге жаңы рынокко чыгууга, башкача айтканда, кирешени арттырууга жардам берет. Иш-чаранын программасына катышуучулар өз өнүмдөрүн көрсөтө алган, натыйжалуу бизнес пландарды түзүп, жаңы идеялар менен тажрыйба жүргүзүүнү үйрөткөн ар кандай секциялар кирет. Мындан тышкары, брендинг жана маркетингден баштап электрондук соодага чейинки ар кандай темалар талкууланат. Ошентип, ишкер аялдар тажрыйба алмашышат. Көргөзмөнүн аягында инвесторлор каржылык колдоо көрсөтүү үчүн кирешелүү компанияларды тандашат.

Алия Эль-Яссир, Европа жана борбордук Азия мамлекеттери «БУУ-аялдары» түзүмүнүн аймактык мүдүрү:

- Дүйнөлүк COVID-19 илдети ишкер аялдарга салыштырмалуу түрдө чоң таасирин тийгизди. Себеби, алар башкарган ири, чакан жана орто бизнес ишканалары, эркектер башкарган компанияларга караганда кирешеси төмөн тармактар болуп саналат же пандемиялык чектөөлөргө көбүрөөк кабылышат. Ошол эле учурда, «БУУнун Аялдары» түзүмүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири аялдардын кирешесин, татыктуу эмгегин жана экономикалык көз карандысыздыгын колдоо болуп эсептелет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков