Казакстанда ак илбирстерди сактап калууга арналган дүйнөдөгү биринчи долбоор ишке ашырылат

Казакстанда ак илбирстерди сактап калууга арналган дүйнөдөгү биринчи долбоор ишке ашырылат

Казакстанда ак илбирсти сактоо боюнча дүйнөдөгү биринчи улуттук долбоор ишке кошулат. Бүгүнкү күндө бул жапайы жаныбар жок болуп кетүү коркунучунда экендиги баарына белгилүү. Азыркы учурда дүйнөнүн 13 өлкөсүндө бир нече миң гана ак илбирс байырлайт. Алардын 130га жакын түрү Казакстанда жашайт. Алдыда кызыл китепке кирген жаныбарлардын санын көбөйтүү менен бирге аларды сактап калуу максаты турат. Келерки жылы Алматыдагы Иле Алатау улуттук паркында атайын борбор ачылат. Ал жерде катары суюлуп бара жаткан ак илбирстер багылат. Жаныбарлар кесипкөй адистердин кароосунда болот. Атайын изилдөө иштери жүргүзүлөт. Алар адамдарга кандай таасир этет жана аларды кантип өзгөртүү керек деген суроолорго жооп издешет. Борбордо тукумун изилдөө үчүн гендик лаборатория ишке берилет. Мындай демилге «Жашыл Казакстан 2021-2025» улуттук программасынын алкагында жүзөгө ашырылат.

Арман Кашкынбеков, Казакстандын Кайра жанма энергия бирикмесинин мүдүрлөр кеңешинин мүчөсү, Ак илбирстер боюнча эл аралык фонддун мүдүрү:

- Казакстанда биринчи жолу ак илбирсти сактоо боюнча комплекстүү улуттук программа иштейт. Биздин максатыбыз - ак илбирсти сактоо, калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча борбор түзүү. Бул борбор аларды кадимки жаныбарлар ооруканасы сыяктуу кабыл алып, дарылайт. Калыбына келгенден кийин, биз аларды кайра жапайы жаратылышка жиберебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков