Декларация системасы оптималдаштырылды

Декларация системасы оптималдаштырылды

Казакстанда салык декларациясынын механизми оптималдаштырылды. Бул жараянда тиешелүү активдердин тизмесин тактоо жана кыскача жылдык декларация тапшыруу милдети алынып салынды. Каржы министри Ерулан Жамаубаевдин айтымында, эми жарандар мамлекеттик органдарда катталган мүлктү жана экинчи деңгээлдеги банктардагы акча каражаттары жөнүндө маалыматты көрсөтүшпөйт. Мындан ары бул маалыматтар автоматтык түрдө Министрликтин интеграцияланган маалымат базасына келип түшөт. Декларацияда транспорт каражаттары, юридикалык жактын акциялары, чет мамлекетте катталган кыймылсыз мүлк жана чет өлкөлүк банктардагы накталай акча каражаты тууралуу маалыматтар камтылууга тийиш.

Ошондой эле, калкка ыңгайлуу болуш үчүн салык декларацияларын тапшыруу боюнча салык төлөөчүнүн кеңсеси, «Электрондук Өкмөттүн» веб-порталы, «E-Salyq Azamat» мобилдик тиркемеси сыяктуу электрондук кызматтар дагы иштей баштады.

Ерулан Жамаубаев, Казакстандын Каржы министри:

- Жалпы декларация тутумуна кирген адамдар кирешеси жана мүлкү жөнүндө декларация тапшырууга тийиш. Мындай учурда, эгерде активдер жана кирешелер боюнча жүгүртүү жок болсо, анда кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларация тапшырууга болбойт. «Киреше» декларациясы тапшырылгандан кийин камералдык көзөмөл жүргүзүлөт. Тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуп, министрлик жеке адамдарды категорияларга бөлүү үчүн тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков