Казакстандын эмгек рыногу санариптик жактан жаңыланат

Казакстандын эмгек рыногу санариптик жактан жаңыланат

Казакстандын жумуш менен камсыз кылуу тармагы санариптик жактан жаңыланат.Быйыл теке айынын 1де «Эмгек» мамлекеттик программасы улуттук долбоорго өткөрүлөт. Бул тууралуу эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Серик Шапкенов билдирди. Анын айтымында, долбоордун алкагында жумуш менен камсыз кылуу тармагындагы кызматтарды электрондук форматка өткөрүү боюнча комплекстүү чаралар көрүлөт. Эми жумуш ордунда отуруп, кесиптик чеберчиликти өркүндөтүүгө шарт түзүлөт. Электрондук эмгек биржасынын базасындагы рынокто суроо-талапка ээ адистиктер боюнча онлайн режимде окутуунун жалпы улуттук платформасы ишке киргизилет. Жаңы бизнес демилгелерди колдоо жараяны мүмкүн болушунча автоматташтырылат. Айыл жерлеринде мобилдик жана санариптик жумуш менен камсыз кылуу борборлору ачылат.

Серик Шапкенов, Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри:

- Улуттук долбоордун алкагында көрүлүп жаткан иш-чаралар келечекте калктын жашоо сапатын андан ары жакшыртууга жана реалдуу кирешелерди 27%, эмгек акынын 304 миң теңгеге чейин өсүүсүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана 2025-жылга карата жумушсуздук деңгээлин 4,7% чейин кыскартууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, алдыдагы теке айына чейин калкты иш менен камсыз кылуунун аймактык карталары иштелип чыгат. Жалпысынан Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги быйыл 1 млн 200 миң казакстандыкты иш менен камсыз кылуу чаралары аркылуу колдоону мерчемдеп жатат. Жылдын аягына чейин 36 миң адам кесиптик жана техникалык билим алса, ал эми 10 жарым миң адам ишкердик тажрыйбасына үйрөтүлөт. Быйыл жеке бизнести ачуу жана кеңейтүү үчүн 5 миң микрокредит жана 21 миң грант берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков