2030-жылга карата Казакстандын пенсия тутуму кандай өзгөрөт?

2030-жылга карата Казакстандын пенсия тутуму кандай өзгөрөт?

Өкмөт минималдык пенсияны жашоо минимумунун 70% чейин көбөйтүүнү мерчемдеп жатат. Аны менен катар, минималдуу эмгек стажын эки эсеге, башкача айтканда, 10 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу көздөлүүдө. Бул өзгөртүүлөр Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин пенсиялык тутумдун жаңы механизмдери боюнча концепциясында каралган. Сунушталган документте пенсиянын өлчөмүнө коюлган чектөөлөрдү алып салуу боюнча берене бар. Азыркы убакытта ал 33 жылдык эмгек стажы жана андан көп болгон учурда 1 жашоо минимумун түзөт. Буга кошумча, 2023-жылдан тарта жумуш берүүчүлөрдүн милдеттүү пенсиялык төлөмдөрүн киргизүү көздөлгөн. Башкача айтканда, пенсия төлөмү катары кызматкер кирешесинин 5%ын которот. Адистер мындай ыкма аманатчыларга пенсиялык топтоолордун керектүү деңгээлин сактап, келечекте колдонууга мүмкүнчүлүк берет дешет.

Блиц:

- Калктын көпчүлүгү бул жаңылыкты туура кабыл алышат деп ойлойм. Экономикалык көз караш менен алганда, бул жерде суроолор туулушу мүмкүн, анткени бул бюджетке жана пенсиялык фондго кошумча жүк.

- Азыр өкмөт калк үчүн көп нерселерди жасап жатат, менимче бул абдан жакшы. Албетте, пенсиялык төгүмдөр көбөйтүлсө кубанабыз.

- Минималдык пенсия көтөрүлөт. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн рахмат. Эгер кошуп беришсе, аябай жакшы болмок.

- Бир жагынан алып караганда, албетте, иш берүүчүлөргө кыйын болушу мүмкүн. Экинчи жагынан, иштегендер үчүн бул чоң жаңылык.

Мамлекеттик төлөмдөрдү төлөө эрежелери дагы өзгөрөт. Азырынча пенсиялык тутумду жаңыртуунун 2030-жылга чейин жаңылоо концепциясы тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан иштелип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков