Ashyq долбоору Казакстандын бардык аймагын камтыйт

Ashyq долбоору Казакстандын бардык аймагын камтыйт

Казакстандагы Ashyq долбоорун колдонуучулардын саны 300 миңге жакындады. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карабастан ата мекендик ишкерлерге ишин толугу менен улантууга мүмкүндүк берген тиркеме бүгүнтөн баштап өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт. Бул тууралуу «Атамекен» УИП Медициналык кызматтар департаментинин мүдүрүнүн орун басары билдирди.

Асел Муратханова, «Атамекен» УИП медициналык кызматтар департаменти мүдүрүнүн орун басары:

- Эгерде сиз ПЧР-тест тапшырган болсоңуз жана натыйжасы терс болуп чыкса, анда сиз 72 саат бою «жашыл» макамында болосуз. Эгерде 72 саат өткөн болсо же сиз буга чейин эч качан ПЧР-тестин тапшырбаган болсоңуз, анда сиз «көк» макамында болосуз. Ал эми анализиңиз оң натыйжа болсо, башкача айтканда, сиз илдетти жуктуруп алган болсоңуз, анда сиз «кызыл» макамында болосуз. Мындай учурда тиркеме сизди автоматтык түрдө 2 аптага «кызыл» макамга жөнөтөт. Бул убакыт ичинде эрте айыгып кеткениңиз каралбайт. Ал эми акыркы «сары» макамга илдет жуктурган адамдар менен байланышта болгон адамдар кирет.

Тиркемеге кошулуу үчүн болгону аны жүктөп алуу жана ИИН номерин терүү керек. Андан кийин «Ashyq» долбоору кошулган бардык мекемелерге ээн-эркин кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк болот.

Асел Муратханова, «Атамекен» УИП медициналык кызматтар департаменти мүдүрүнүн орун басары:

- Тиркеме биринчиден, ишкерлерге иштөөгө, өз бизнесин кайра ачууга мүмкүнчүлүк берет. Айрыкча, бүгүнкү күндө тыюу салынган - боулинг, бильярд, компьютердик жана караоке клубдарынын ишин жандандырууга шарт түзөт. Албетте, эң негизгиси коопсуздук. Ушундайча биз оорунун жайылышына жол бербөөнү көздөп жатабыз.

Белгилей кетсек, долбоорду казакстандык IT адистер ишкерлерге акысыз жардам берүү максатында Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмос министрлиги менен биргеликте иштеп чыгышкан. Адистердин айтымында, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө аshyq долбоорунун аналогу бар. Ошондуктан, келечекте тиркеме, кошумча кыйынчылыктарды пайда кылбайт деген ишеним бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков