Казакстанда вирусту жок кылуучу аялдама пайда болду

Казакстанда вирусту жок кылуучу аялдама пайда болду

Борбор калаада автономдуу дезинфекция тутуму бар акылдуу аялдама ачылды. КМШ өлкөлөрүндө теңдеши жок Казакстандын ойлоп табуусу, абаны үнсүз режимде жана аралыктан дезинфекциялап, 99,9% вирусту, ошондой эле, COVID-19 инфекциясын жок кылууга мүмкүндүк берет. Технологиянын принциби жөнөкөй - аба эки жолу чыпкаланып, ультрафиолет нурлануусунан өтүп, тазаланып чыгат. Учурда «акылдуу» тутум пилоттук режимде бир гана аялдамага орнотулган. Алдыдагы убакытта иштеп чыгуучулар долбоорду бүткүл өлкө боюнча жайылтууну мерчемдеп жатышат.

Руслан Еркетаев, долбоордун жетекчиси:

- Бул жабдууларды көзөмөлдөө үчүн кызматкерлердин катышуусу талап кылынбайт. Кеңседе отуруп, компьютер аркылуу аялдаманын ичинде эмне болуп жаткандыгын көрүп турабыз. Павильондун жайгашкан жерине жараша биз кеңседен башкарабыз, программаны канча убакытка чейин күйгүзүп, кайсыл убакытта өчүрө турганыбызды белгилейбиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков