Дүйнөдө Жер күнү белгиленүүдө

Дүйнөдө Жер күнү белгиленүүдө

Жыл сайын чын куран айынын 22де дүйнө жүзү глобалдык деңгээлдеги майрам – эл аралык Жер эне күнүн белгилейт. Дүйнөлүк иш-чара адамзатты айлана-чөйрөнү коргоого үндөп, аярлап, кам көрүүгө чакырат. Казакстандагы экологиялык маселелерге келсек, алардын катарында: ири шаарлар жана өнөр жай шаарлары, суу булактары менен абанын булганышы, Арал деңизи жана Балхаш көлүнүн тартылышы, мөңгүлөрдүн массалык эриши сыяктуу татаал көйгөйлөр бар.

Өлкөдө жаратылышты коргоо жаатында иштеген ондогон «жашыл» уюм түзүлгөн. Альтернативдик жана кайра жанма энергия булактары тараткан жаңы объектилердин саны жыл сайын өсүп келет. Серепчилердин айтымында, алдыдагы 4 жылда өлкөнүн энергетикалык рыногундагы таза энергия булактарынын үлүшү 6%, ал эми 50-жылдары 50% жетүүгө тийиш. Өлкө алгачкы жыйынтыкка жетишип, былтыр ал көрсөткүч 3% түздү. Өлкөдөгү ири өнөр жай ишканалары курчаган чөйрөгө зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтууга багытталган бир катар жаңы долбоорлорду баштаганы кубандырат.

Арман Кашкынбеков, Казакстандын кайра жанма энергетика биримдигинин мүдүрлөр кеңешинин мүчөсү:

- Алардын катарында Aрселор митал бар. Алар 4 жыл ичинде абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды 25% кыскартууну көздөп жатышат. Ошондой эле, Рджи жана Казакмыс дагы ушул жолду тандап алышкан. Алардын бардыгы кайра жанма энергия булактарына инвестиция сала башташты. Бул жаатта КазМунайГаз жана Шелда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда. Жакында мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Казакстан 60-жылдарга чейин көмүртексиз нейтралдуу өлкө аталуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасайбыз деди. Бул дүйнөлүк цивилизацияда көмүртек изин калтырбай турган өлкөлөрдүн катарына киребиз дегенди билдирет.

Экологиялык маданият. Бул адамдын айлана-чөйрөгө болгон көз карашын билдирген термин. Жаратылышка аяр мамиле жасоону ар бир адамдын аң-сезимине сиңирүү керек, дешет адистер.

Арман Кашкынбеков, Казакстандын кайрв жанма энергетика коомчулугунун мүдүрлөр кеңешинин мүчөсү:

- Ошол кызгылт көлдү булгашты, жөнөкөй тил менен айтканда, тюлендерди таяк менен урушат. Бул дагы тарбия, экологиялык маданият, экологиялык менталитет жөнүндө маселе. Биз бул маанилүү ишти долбоорубуздун алкагында жүргүзөбүз.

Андыктан эл аралык кызматташууну өркүндөтмөйүнчө, экологиялык көйгөйлөргө каршы күрөш натыйжалуу болбой тургандыгы айдан ачык болуп калды. Биз глобалдык дүйнөнүн бир бөлүгүбүз. Бул майрам, Жер күнү, планетанын, анын эко-системасынын жана адамдардын ортосундагы мамилени эске салат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков