Казакстанда интернет-соода күч алууда

Казакстанда интернет-соода күч алууда

Казакстанда электрондук соода тездик менен өнүгүүдө. 2020-жылдын аягында эле онлайн чекене соода жарым триллион теңгеден ашты. Адистердин айтымында, электрондук коммерциянын өсүшү пандемия шартында кыйла өнүккөн. Эгерде бир жыл мурун онлайн соода көптөгөн ишкерлер үчүн сатуунун экинчи каналы болгон болсо, карантиндик чектөөлөрдөн кийин кырдаал кескин өзгөрдү. Анын үстүнө, онлайн платформалары бар дүкөндөр каатчылыктан оңой чыгышты.

Анар Сейтжан, дизайнер:

- Пандемиянын башталышында албетте бир аз дүрбөлөң болду. Анткени бардык бутиктер жабылып калды. Андыктан биз сатуунун жаңы жолдорун, башкача айтканда, онлайн сатууну күчөтүүнү издей баштадык. Биз түздөн-түз логистикалык компаниялар, курьердик кызматтар менен иштештик.

Эл аралык логистикалык компаниянын филиалынын башчысы Рамиля Ахметова белгилегендей, дал ушул Fashion сегменти локдаундун кесепеттеринен жапа чекти. Анткени дал ушул чөйрөдө транспорттун баасынын көтөрүлүшү товарлардын соңку наркына таасир этет.

Рамиля Ахметова, Эларалык транспорт жана логистика компаниясы филиалынын мүдүрү

- Бул сегменттеги рынокто фэшн мода индустриясы жапа чекти. Кытайдан жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн ташылып келинген бардык товарлар, товарлардын акыркы баасына өтө катуу таасир этти. Артыкчылыгы - сегменттердин өзгөргөндүгү, эгерде мода сегменти дайыма жүгүртүүдө болуп келсе, азыр товарлардын көлөмү анчалык деле чоң эмес. Албетте, базардын багыты өзгөрүлдү.

Электрондук соода 2021-жылы да тездик менен өсөт деп болжолдонууда. Буга рынокко жаңы оюнчулардын келиши таасир берет. Мындан тышкары, учурда иштеп жаткан соода аянтчалары дагы кеңейет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков