Бюджет мыйзамын жакшыртуу

Бюджет мыйзамын жакшыртуу

Казакстанда бюджеттин пайдаланылышы үчүн жергиликтүү аткаруу бийлигинин жоопкерчилиги жогорулайт. Акимдер жыл сайын Парламент алдында каражаттын кандай сарпталганы тууралуу отчет берип турушу керек. Улуттук экономика министри Асет Ергалиев Мажилисте тиешелүү мыйзам долбоорун тааныштырды. Документ депутаттар тарабынан колдоо тапты. Анда бөлүнгөн каражатка облус жетекчиси түздөн-түз жооп бериши керектиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле, мыйзам долбооруна ылайык, ар бир аймак өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша бюджеттик план түзүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Асет Ергалиев, Улуттук экономика министри:

- Бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында аудитордук эсеп жыйынтыгы боюнча мыйзамда белгиленген максаттарга пайдаланылган трансферттердин суммаларын 3 ай ичинде республикалык бюджетке кайтаруу көздөлөт. Жергиликтүү аткаруу органдарына жергиликтүү бюджеттин накталай акча таңсыктыгын жабуу үчүн насыяларды бөлүү мөөнөтүн 3 жылдан 6 айга чейин кыскартуу сунушталат. Бул жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө жергиликтүү аткаруу органдарынын таасирин күчөтүүгө тийиш.

Буга кошумча, мекеме башчысы өлкөдө бирдиктүү эсеп планы 2024-жылдан тарта киргизилерин айтты. Бул биринчи кезекте, бухгалтердик жана бюджеттик эсепти жалпы тутумга бириктирүүгө мүмкүндүк берет. Натыйжада, казынага жумшала элек каражаттарды кайтарып берүү жараяны кыйла жеңилдейт.

Асет Ергалиев, Улуттук экономика министри:

- Мыйзам долбоору Бюджеттик кодекске төмөнкү багыттар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт: бюджеттик тобокелдиктер жана мамлекеттик каржынын туруктуулугу жөнүндө талдоочулук отчётту түзүү, документте мамлекеттик каржы абалына таасир этүүчү макроэкономикалык, демографиялык, каржылык жана башка тобокелдиктерди талдоону камтыйт. Мындай документтин түзүлүшү бюджеттик тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууга жана бюджеттик чечимдерди кабыл алуу учурунда аларды эске алууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков