Жумушка орношуудагы кыйынчылыктар

Жумушка орношуудагы кыйынчылыктар

Ата мекендик жумуш берүүчүлөргө пенсия курагына чейинки кызматкерлердин эмгек акысынын бир бөлүгүн кайтарып берүү мерчемделүүдө. Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги ардактуу эс алууга чыкканга чейин казакстандыктарга эки-үч жыл мурун жумуш табуу өтө кыйын экендигин аныктап чыккан. Маселени чечүү үчүн мекеме «Күмүш жаш» аттуу жаңы долбоор иштеп чыгууга убада берди. Бул мамлекетке иш берүүчү үчүн пенсияга чыгууга жакындап калган кызматкердин эмгек акысынын белгилүү бир өлчөмүн жабууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, министрлик казакстандык жаштар, атап айтканда, 25 жашка чейинки жаштар жумуш табууда олуттуу көйгөйлөргө туш болуп жаткандыгын моюнга алды.

Казакстандыктар пенсия курагына жакындаган адистердин тажрыйбасын пайдалануу иш берүүчү үчүн дагы, кызматкер үчүн дагы натыйжалуу деп эсептешет.

Блиц:

- Мындай мүмкүнчүлүктүн болгону жакшы. Жаштарды тажрыйбасы жок деп жумушка ала бербейт, ал эми чоңдордун тажрыйбасы пайда алып келиши мүмкүн. Мен мындай долбоорду колдойм.

- Азыркы учурда абдан кыйын. Аларды көп учурда жумушка кабыл ала бербейт. Пенсия курагыңыз жакындап калды. Бизге туруктуу иштеген, күчкө толгон жаштар керек деген талап коюшат. Мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлсө, жашы улгайган адамдардын, айрым ишканалардын, жумуш орундарынын тажрыйбасы колдонулмак.

- Конуш оодарган учурда, өзгөчө улгайган адамдар жумуш таба албай жатышат. Ошол учурда кыйналбай, ушундай программаны пайдаланып, ишке ашырса жакшы болот деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков