Суу ташкынын алдын алуу чаралары жүрүүдө

Суу ташкынын алдын алуу чаралары жүрүүдө

Алдыдагы үч жылдын ичинде Казакстандын 200дөн ашуун калктуу конушу суу каптоо коркунучунан арылат. Ушул максатта 2021-2023-жылдарга арналган суу каптоо коркунучун азайтуу боюнча жаңы жол картасы иштелип чыгууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин атайын брифингдин жүрүшүндө билдирди. Мекеме башчысынын айтымында, быйылкы сезондо абал туруктуу. Куткаруучулар адаттагыдай эле алдын ала кам көрүп, кооптуу делген аймактарды катуу көзөмөлгө алышкан. Коркунучту азайтуу үчүн комплекстүү чаралар колго алынган.

Юрий Ильин, Казакстандын Өзгөчө кыраалдар министри:

- Азырынча жумушчу күч жана атайын техника жетиштүү. Алдын ала жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында бүгүнкү күндө калктуу-конуштарды суу каптоо коркунучу болушунча азайтылган. Бул биринчи кезекте, кооптуу мезгилди адам жоготуулары жок өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм. Экинчиден, мамлекеттик фонддон каржы бөлүүнү талап кылган ири өзгөчө кырдаалдарга алып келбейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков