Көз карандысыздык жылдары 1,6 млн казакстандык жаңы турак жай менен камсыздалды

Көз карандысыздык жылдары 1,6 млн казакстандык жаңы турак жай менен камсыздалды

Эгемендүүлүк жылдарында 1,6 миллиондон ашуун казакстандык турак жайга ээ болду. Ушул убакыттын ичинде республикада 170 миллион чарчы метрден ашык жаңы турак жайлар салынды.

Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы турак жай курулушуна инвестиция 2019-жылга салыштырмалуу 33,6% өсүп, 2 триллион теңгени түздү. 38 миңден ашуун үй-бүлөгө социалдык турак жай жана жеңилдетилген насыя түрүндө мамлекеттик колдоо көрсөтүлдү. «Бактылуу үй бүлө» программасынын алкагында 9800дөн ашуун үй-бүлө жаңы конуштуу болушкан. Быйыл алардын саны дагы 5000ге көбөйөт.

Жыл аягына чейин «Нурлы жер» программасы аркылуу турак-жай менен камсыздалган үй-бүлөлөрдүн санын эки эсеге көбөйтүү мерчемделген. Мындан тышкары, быйыл «Шаңырак» программасынын алкагында 800 миң батир берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков