Казакстан мусулмандары ыйык рамазан айынын башталышын белгилешүүдө

Казакстан мусулмандары ыйык рамазан айынын башталышын белгилешүүдө

Казакстанда мусулман дүйнөсүнүн башка да көптөгөн өлкөлөрүндөй эле Ыйык Рамазан айы башталды. Экинчи жыл катары менен аны белгилөөгө коронавирус илдети өзүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө. Деген менен быйылкы абал 2020-жылга караганда бир топ жакшыраак. Жашыл зонада жайгашкан республиканын аймактарына санитардык нормага ылайык мечиттердин иштөөсүнө уруксат берилген. Бирок бул өлкөнүн эң ири эки мегаполиси – Нур-Султан менен Алматы шаарларына тиешелүү эмес. Азыркы учурда аталган эки шаар дале болсо кызыл аймакта. Ошондуктан, кырдаалга жараша эрежелер алда канча катаал.

Смайл Зейитбек, КМДБнын диний билим берүү жана кадрларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы:

- Бардык жарандарга жана мусулман коомчулугуна биринчи кезекте, кайсыл жерде болбосун санитардык талаптарды сактоону айтып жатабыз. Экинчиден, мечитке келгенде мейли ал намаз окуу үчүн болсун, мейли битир-садакасын берип куран окутуу үчүн болсун, айтор жашыл аймак, сары же кызыл аймакка байланыштуу КМДБ бекиткен эрежеге ылайык санитардык талаптарды так сакташы керек. Ошол эрежелерди аткарууну суранып кетебиз. Анткени жеке өзүбүздү гана ойлобостон, өзгөлөргө да зыян келтирбешибиз керек.

Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эмдөөгө байланыштуу пайда болгон суроолорго түшүндүрмө берди. Адистердин айтымында, орозо учурунда вакцина алууга уруксат берилет.

Белгилей кетүүчү нерсе, жайкы мезгилге караганда чын куран айында орозо кармоо алда канча жеңил. Мисалы, ооз бекитүү убактысы таңкы саат 4:30. Өз кезегинде диетологдор дал ушул убакытты өткөрүп жибербөөгө кеңеш беришет.

Ерлан Манатаев, Казакстандын саламаттык сактоо элчиси:

- Биринчиден, албетте, ден-соолукка пайдалуу, акылга сыярлык жана тоюмдуу тамактаныш керек. Саарлыкта тамактануу дагы маанилүү. Бирок көп өлчөмдө эмес. Бул учурдагы тамактануу организмди

тең салмакта кармап турат. Башкача айтканда, курамында углевод бар азыктарды жеш керек. Мисалы, сүт кошулган жеңил ботко сыяктуу.

Рамазан – Ислам календарынын эң ыйык айы. Ал боорукердиктин жана кичи пейилдүүлүктүн мезгили. Белгилей кетсек, касиеттүү ай быйыл чын куран айынын 13дө башталып, бугу айынын 12де аяктайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков