«Адамга багын жер шаары!» эл аралык көргөзмөсү ачылды

«Адамга багын жер шаары!» эл аралык көргөзмөсү ачылды

Бүгүн дүйнө жүзү Космонавттар күнүн белгилеп жатат. Мындан туура 60 жыл мурун, 1961-жылдын чын куран айынын 12де казак жеринен биринчи адам космоско учкан. Бул убакыттын ичинде бир жарым миңден ашык космонавт космоско сапар тарткандыгына карабастан, Юрий Гагарин адамзат тарыхында биринчи жолу космоско жол ачкан. Ошентип, казак жери космонавтиканын мекени болуп калды.

Иш-чаранын урматына Нур-Султан шаарындагы Туңгуч Президент – Эл Башы музейинде «Адамга багын жер шаары»! аттуу уникалдуу көргөзмө ачылды. Экспозиция үч тематикалык бөлүмдөн турат. Биринчиси, Казакстандын өткөн тарыхына саякат жасоого мүмкүндүк берсе, экинчиси «Байкоңур» космодромунун тарыхына арналган. Үчүнчүсүндө космостун тарыхы жана алгачкы казакстандык жана дүйнөлүк космосту багындыруучулардын эрдиги жөнүндө баяндалат.

Бакытжан Темирболат, Казакстандын Туңгуч ПрезидентиЭл башы китепканасынын мүдүрү:

- Бул көргөзмөдө биздин доорго чейинки 3-4 миң жылдыктан баштап бүгүнкү күнгө чейинки жерибиздин өнүгүү тарыхын баяндаган экспонаттар коюлган. Ошентип, биздин көргөзмөгө келген коноктор жана меймандар адам асманга кантип жакындаганын кадам сайын көрө алат. Ошондуктан, бүгүнкү иш-чаранын маңызын жана тарыхын көрүүчүлөрүбүзгө жана конокторубузга жеткире алабыз деп ойлойм.

Көргөзмө майрамдык атмосферага кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул жерде бир гана көз менен эле көргөндөн сырткары, уникалдуу экспонаттарды, анын ичинде жердин жасалма спутникттеринин макеттерин, биринчи космонавттардын костюмдарын кол менен кармап көрүүгө болот. Ошондой эле, залга видео инсталляциялар, картиналар, китептер, фото-сүрөттөр, эксклюзивдүү монеталар жана археологиялык эстеликтер коюлган.

Жанар Испердинова, саякаттатуучу:

- Көргөзмөгө келген көрүүчүлөр алгач тарых менен жакындан таанышат. Бул жерде алар уникалдуу экспонаттарга күбө болушат, андан кийин экинчи бөлүгүндө Байкоңур космодромунун тарыхы менен таанышат.

Азыр биз резиденциябыздын эң кооз жеринде турабыз. Дал ушул жерде «Жер. Алгачкылардын убакыты» аттуу көргөзмөсүнүн үчүнчү бөлүгү коюлган. Ал Казакстандын космостук тарыхы жана өлкөнүн космостук изилдөөлөрүнө түздөн-түз арналган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков