Турак жай рыногундагы тенденциялар: батир баалары өсүүдө

Турак жай рыногундагы тенденциялар: батир баалары өсүүдө

Суроо-талап сунушту жаратат. Казакстанда турак жай баасы кымбаттап жатат. Жалган куран айында гана жаңы имараттардагы турак жайлардын баасы 0,5 пайызга жогорулады. Ал эми реконструкцияланган батирлер 2% чейин кымбаттады.

Серепчилердин пикиринде, бул тенденция уланат. Алардын айтымында, турак-жайлардын баасы мындан ары дагы көтөрүлөт. Бүгүнкү күндө Казакстанда 1 чарчы метрдин баасы 220 миң теңгеден башталып, миллиондон ашат. Мунун бардыгы сатып алынган турак жайдын классына жараша болот. Адистер бул көрүнүштү импорттолуучу материалдардын кымбаттап жаткандыгы жана куруучуларга мурунку баа менен сатуу натыйжасыз болуп жаткандыгы менен түшүндүрүшөт.

Талгат Ергалиев, «Казакстан курулушчулар биримдиги» президиумунун төрагасы:

- Курулуш материалдары боюнча: арматуралар 64% өстү, бул курулуштун жалпы көлөмүнүн 10-12% түзөт. Албетте, бул бир чарчы метрдин баасында чоң роль ойнойт. Бул бир гана арматура, ал эми бизде бардык курулуш материалдары кымбаттады - жылуулук берүүчү материалдар, керамика жана дагы башка. Биз алып келген бардык нерсенин баасы өстү.

Белгилей кетсек, турак жайдын баасына мамлекет тарабынан берилген пенсиялык топтомдорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү дагы таасир этпей койбойт. Ошентип, көптөгөн казакстандыктар баштапкы төлөм үчүн каражатка ээ болушуп, массалык түрдө турак жай сатып ала башташты.

Руслан Юсупов, риэлтор:

- Азыр көптөгөн адамдар жаңы имараттардан, экинчи класстагы турак жайларга чейин жигердүү түрдө батир сатып ала баштады. Учурда рынок жанданды. Анткени бугу айында жаңы ипотека түрү күтүлүүдө. Бул аскердик ипотека. Ал жыл сайын болот. Азыр базардагы баа бирдей, бирок турак жай салуучулардын өздөрүндө бир аз жогору.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда дагы бир жаңы «Аялдар ипотекасы» башталды. «Отбасы Банкынын» маалыматы боюнча, бул программа үй-бүлөлүк кирешеси 320 миң теңгеден ашпаган аялдарга турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы программа мекендештерге жеңилдетилген шартта, башкача айтканда, 15% алдын ала төлөө менен же банктык депозитинде 0 теңге топтоо менен турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Программанын алкагында насыя берүү өлчөмү турак жай займына өтүү менен 12% түзөт, башкача айтканда, насыянын жылдык үстөгү 3,5% чейин төмөндөтүлөт. Аны менен катар, турак жайга эч кандай талап коюлбайт.

Кыймылсыз мүлк рыногунун адистери ишенимдүү турак-жайдын куруучуларын тандоого жана батирлерди сатып алууну кечиктирбөөгө кеңеш беришет. Болбосо, күндөн-күнгө баалар көтөрүлүп жаткандыктан, чарчы метрлер кымбаттай турганы анык. Эң башкысы - мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө керек. Ошондой эле, серепчилер көптөгөн тургундар учурдагы программалардан кабарсыз экендигин белгилешти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков