Казакстанда спутниктик интернет пайда болот

Казакстанда спутниктик интернет пайда болот

Казакстанда спутниктик интернет желеси пайда болот. Аны үстүбүздөгү жылдын аягында пайдаланууга берүү мерчемделген. Өлкө Премьер-министри бул маселени британиялык «One Web» компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы менен жолугушууда талкуулады. Сунил Миттал Аскар Маминге «One Web» глобалдык спутниктик желе алкагында колго алынган Байкоңур космодромунан спутниктерди учуруу боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берди. Бүгүнкү күндө космоско 110 спутник учурулган. Эки жылдын ичинде космодромдон 8ден ашык учурууну ишке ашыруу мерчемделүүдө. «One Web» глобалдык желеси 1200 км бийиктиктеги 18 орбиталык тегиздикте 648 спутниктен турат. Бул жогорку ылдамдыктагы интернетке деген  кол жетимдүүлүктү арттырууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков