Казакстанда жаңы турак жайлардын баасы өстү

Казакстанда жаңы турак жайлардын баасы өстү

Казакстанда жаңы турак жайлардагы батирлердин баасы бир жыл ичинде орто эсеп менен 9 пайызга кымбаттады. Өлкөнүн жети облусунда батирлердин баасы көтөрүлдү.

Улуттук Статистика Бюросунун маалыматы боюнча, баалар айрыкча Павлодар, Өскемен жана Оралда кымбаттаган. Ал эми борбор калаада баштапкы рыноктогу чарчы метрдин наркы 15 пайызга өстү.

Турак жай бааларынын кымбатташына бир нече фактор таасир эткен. Алар: теңгенин долларга карата курсунун төмөндөшү, ипотека программасынын көбөйүшү жана турак жайга болгон ички суроо-талаптын жогорулашы. Ошондой эле, пенсиялык топтомдорду батир алууга жумшоо фактору дагы бар.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, жалган куран айынын башынан бери казакстандыктар эки триллион тенгеден ашык суммага ипотекалык насыяларды алууга жетишкен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков