Кажымукан Муңайтпасовдун туулганына – 150 жыл

Кажымукан Муңайтпасовдун туулганына – 150 жыл

Бүгүн күч атасы Кажымукан Муңайтпасовдун туулганына 150 жыл толду. Казакстандан чыккан туңгуч кесипкөй балбан дүйнөнүн көп жолку чемпиону болууга жетишкен. Легендарлуу балбан көзү тирүү кезинде 54 мамлекетте күч сынашып, 48 медалга ээ болгон. Килем үстүндө далысы жерге тийбеген казак балбаны өзүнүн зор күчү менен дүйнөнү таң калтырган. Бүгүнкү күндө эгемендүү өлкөнүн таланттуу жаштары балбандын жетишкендиктерин кайталоого аракет кылып келет.

Тимур Сыпатаев, Казакстандын 5 жолку рекордсмени:

- Өткөн жылы мен чоң атабыз Кажымукан сыяктуу Францияда, Германияда, Тюменде жана Кокондо өткөн ар кандай мелдештерге катыштым. Ал жөн гана мыкты күрөшчү болгон эмес, ал биздин өлкөбүздүн, улутубуздун даңкын чыгарган. Учурунда ал эл аралык ареналарда көк желек сыймыктануу менен көтөрүлүшү үчүн өз элинин атынан көптөгөн эрдиктерди жасаган.

Кажымукан Муңайтпасов цирк өнөрүн көрсөтүп, чогулган 100 миң сомго Улуу Жеңиш үчүн майданга учак жибергени белгилүү. Сегиз кырдуу, бир сырдуу инсандын улуттук өнөргө да шыгы болгон. Домбрада ойноп, элдик ырларды ырдаганды жакшы көргөн. Ошол кездеги өнөр чеберлери, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана интеллектуалдар менен жигердүү аралашкан. Аксакалдар ал чыныгы казак, кең пейил адам болгон, дешет.

Серик Негимов, филология илимдеринин доктору, профессор:

- Мен кичинекей кезимде ата-энем жана аксакалдар биздин айылга Кажымукан келгендигин көп айтып калышчу. Анын төшүн балка менен чапсаң балка майышып кетчү экен. Эл анын күчүнө жана чыдамкайлыгына таң беришчү. Ал ар дайым искусство адамдарынын курчоосунда болгон. Ал элдин чыныгы каалоолорун жакшы билген жана элине кызмат кылган. Анын асыл адамдык сапаттары, күчү, мекенчилдиги жаш муундарга үлгү болушу керек деп эсептейм.

Кажымукан Муңайтпасов 1948-жылы Түркестан облусунун Ордабасы районунда каза болгон. Быйыл мааракеге карата дал ушул жерде чоң комплекс курулат. Анын жашоосу жөнүндө «Кажымукан» аттуу көркөм тасмасын

тартуу дагы жакынкы күндөрдөгү иш. Ал эми даңазалуу спортчунун урматына жыл бою спорттук иш-чаралар уюштурулуп турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков