Мажилисте жерди чет элдиктерге берүүгө тыюу салган мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды

Мажилисте жерди чет элдиктерге берүүгө тыюу салган мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды

Жер талашына чекит коюлду. Парламент Мажилисинин жалпы жыйынында «Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына жер мамилелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Мыйзам долбоору алкагында айыл чарбачылыгы багытындагы жерлерди чет өлкөлүктөргө жана чет өлкөлүк компанияларга, чет элдик үлүшү бар казакстандык компанияларга, жарандыгы жок адамдарга, эл аралык катышуудагы илимий борборлорго, ошондой эле, чет өлкөдө жашаган казакстандыктарга берүүгө толук тыюу салуу каралган.

Сапархан Омаров, Казакстандын Айыл чарба министри:

- Мекендештер боюнча алар жеке чарбалары, бала-бакча жана коттедждердин курулушу үчүн жер участкасын ала алышат. Айыл чарба жерлерин Казакстандын жарандыгын алгандан кийин гана ижарага алууга мүмкүнчүлүгү бар. Мыйзам долбоору менен Жер кодексине жана үч мыйзамга, анын ичинде Миграция мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы социалдык-экономикалык жана мыйзамдык терс таасирин тийгизбейт.

Ошондой эле, министр мыйзам долбооруна ылайык, тагыраак айтканда мораторий киргизилгенге чейин ижарага берилген жерлер тууралуу жана алардын ижара мөөнөтү качан аяктай тургандыгы жөнүндө маалымат берди.

Сапархан Омаров, Казакстандын Айыл чарба министри:

- Тактап айтканда, 74,4 миң гектар айыл чарба жерлери 7 биргелешкен ишканага ижарага берилген. Мындан тышкары, эки чет элдик юридикалык жактар бүгүнкү күндө 18,5 миң гектар жерди ижарага алышат. Бул жерлердин бардыгы мораторий киргизилгенге чейин алынган. Алардын ижара мөөнөтү 2022-жылдан 2025-жылга чейин. Бул убакыт өткөндөн кийин бул жерлердин бардыгы мамлекетке кайтарылат.

Депутаттар өз кезегинде аталган мыйзам долбоору бир кылымдан ашуун убакыттан бери талаш жаратып келе жаткан талаштуу маселеге чекит коюу экендигин айтышып, бир добуштан кабыл алышты. Белгилей кетсек, буга чейин жер реформасы боюнча комиссия өз ишин мындан ары уланта берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков