«Техникалык жөнгө салуу тууралуу» жаңы мыйзам казакстандык өнүмдүн сапатын арттырат

«Техникалык жөнгө салуу тууралуу» жаңы мыйзам казакстандык өнүмдүн сапатын арттырат

Казакстанда мамлекеттик стандарттар жакшыртылууда. Өлкөдө теке айынын 1нен баштап жаңы редакцияда кабыл алынган «Техникалык жөнгө салуу тууралуу» мыйзам күчүнө кирет. Бул ата мекендик өнүмдүн сапатын арттырып, төмөнкү сапаттагы сертификаттоого каршы күрөштү күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Маселен, быйыл адистер Европалык система сыяктуу кооптуу өнүмдөрдүн тизмесин киргизүүнү мерчемдеп жатышат. Мындан тышкары, электрондук мамлекеттик көзөмөл тутумун колдонуу, ошондой эле, стандарттардын интернет-дүкөнүн ишке киргизүү жаңычылдык болот. Бул тууралуу брифингде «Улуттук аккредитация борбору» ЖЧКсынын башкы мүдүрүнүн биринчи орун басары Кайнар Тайжанов билдирди. Ал өз баяндамасында казакстандык өндүрүүчүлөрдү дагы кандай өзгөрүүлөр күтүп турганына токтолду. Анын айтымында, адистер 52 нормативдик-укуктук жобону иштеп чыгышкан. Алар мамлекеттик көзөмөл, техникалык жөнгө салуу, метрология жана башка да маанилүү маселелерге байланыштуу. Натыйжада, бул ишкерлерге товарларды өндүрүү учурунда чыгымдарды азайтууга, ошондой эле, алардын өнүмдөрү сертификациялоодон тез арада өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Кайнар Тайжанов, Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин Улуттук аккредиттөө борборунун жчксы мүдүрүнүн орун басары:

- Азыркы учурда бардык мамлекеттик стандарттар Казакстандын аймагында акысыз жүзөгө ашырылууда. Бул быйылкы жылдын жаңылыгы. Стандарттарды пландоо менен талдоону санариптештирүүнү иштеп чыгуу. Бул өзгөртүүлөр өндүрүүчүлөргө жана бизнес коомчулугуна стандарттарды иштеп чыгууда бир кыйла интеграцияланып, ушул стандарттарды иштеп чыгуу учурунда көбүрөөк интеграцияланууга жана бул стандарттарды иштеп чыгуу менен киргизүү этабында алардын кызыкчылыктарын коргоого мүмкүндүк берет. Жалпысынан бул иштер ишкерлер менен өндүрүүчүлөрдүн түздөн-түз катышуусун талап кылат. Ошондуктан коом өкүлдөрүн, тармактык ассоциацияларды тыгыз кызматташууга чакырам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков