2025-жылга чейин 12 миң чакырым жол реконструкцияланат

2025-жылга чейин 12 миң чакырым жол реконструкцияланат

2025-жылга карата өлкө боюнча 12 миң чакырым жол куруу мерчемделген. Бул тууралуу Өкмөттүн жыйынында Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкулов билдирди. Анын айтымында, республикалык маанидеги жолдорду реконструкциялоо үчүн 4 миң чакырымдан ашыгына жаңы долбоор ишке ашырылат. Мындан тышкары, бул аралыкта 10 миң чакырым жол оңдолот. Быйылкы жылы жалпы узундугу 607 чакырымды түзгөн 4 жаңы унаа жол долбоору башталат. Буга кошумча, жолдордун 4,7 миң чакырымында курулуш иштери жүргүзүлөт. 3,6 миң чакырым унаа жол салынып, кайрадан реконструкцияланып жатат. Жыл аягына чейин 2,2 миң чакырым жолду пайдаланууга берүү көздөлгөн. 1,2 миң чакырымда транспорт кыймылы ачылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков