УБТ-2021: быйылкы жаңычылдыктар

УБТ-2021: быйылкы жаңычылдыктар

Быйыл 120 миң казакстандык Улуттук Бирдиктүү Тесттен өтөт. Тест алгачкы жолу электрондук форматта өткөрүлөт. Окуучулар тестке арналган 51 пунктта өз билимин сынашат. Бул тууралуу атайын брифингдин жүрүшүндө Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү маалымдады. УБТ мурункудай 10 күндүн ичинде эмес, чын куран айынын 15де башталып, кулжа айынын 30на чейин үч айга созулат. Талапкер өзүнө ыңгайлуу күндү жана убакытты тандап алат.

Адилет Тойбаев, Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү департаментинин мүдүрү:

- Эң жакшы жагына токтоло турган болсок, талапкер өзү кайсы күнгө, кайсыл убакытка жана кайсыл жерде өткөрүүнү тандай алат. Дагы бир артыкчылыгы тестирлөөнүн натыйжалары жумушчу күндүн аягында эмес, тестирлөө толугу менен аяктагандан кийин дароо чыгат. УБТнын жыйынтыктары менен макул болбогон учурда, талапкер ошол эле күнү аппеляцияга, башкача айтканда, 30 мүнөттүн ичинде даттанууга укуктуу. Бир сыноочу компьютер жана бир камера принциби колдонулат. Биз маалымат коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз.

Тест тапшыруу пункттарында маалыматтык коопсуздук менен катар, санитардык талаптар дагы так сакталат. Ал жерлерде термокөзөмөлүнө арналган планшеттер колдонулуп, беткап тагынуу талабы жана социалдык аралык эске алынат. Дагы бир айта кетүүчү жагдай, Улуттук бирдиктүү тестирлөөнү эки жолу тапшырууга болот. Тест тапшырмалары менен сабактардын саны өзгөрүүсүз калды.

Дидар Смагулов, Улуттук тестирлөө борборунун мүдүрү:

- Адаттагыдай эле, эки профилдик жана үч милдеттүү сабактар боюнча тапшырат. Казакстандын тарыхы боюнча 15 тапшырма, математикалык сабаттуулук боюнча 15, окуу сабаттуулугу боюнча 20 жана эки профилдик сабак боюнча 35 тапшырмадан берилет. Тестирлөөгө 240 мүнөт же 4 саат убакыт берилет. Аны менен бирге, санитардык талаптарга ылайык, тесттин 60 мүнөтүнөн кийин жана 2 сааттык сыноодон кийин тыныгуулар каралган. Көз жана физикалык көнүгүүлөрдү аткаруу үчүн

окуучуларга бир сааттан соң 2 мүнөттүк, эки сааттын ичинде 15 мүнөттүк тыныгуу берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков