Басма сөзгө сереп: Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан

Басма сөзгө сереп: Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан

Түркмөнстан COVID-19га карата карантиндик чектөөлөрдү алып салды. Ошентип, бир жылдык тыныгуудан кийин темир жол жана автобус каттамдары калыбына келтирилүүдө, калктын өлкө ичинде жүрүүсүнө тыюу салуу жарым-жартылай жокко чыгарылды. Ошол эле учурда, өкмөт жеңилдетүүнүн себебин түшүндүрбөгөнүн centralasia.media жазат. Чектөөлөрдүн алынышы менен катар, өлкө калкты коронавируска каршы эмдөөдө, кеңейтүүдө жана жаңы карантиндик зоналарды түзүүдө. Айта кетсек, Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө ушул убакка чейин бир дагы коронавирус учуру катталбаганын айтып келет.

Өзбекстан органдарын трансплантациялоого жакын туугандарына гана уруксат берүүнү көздөп жатат. Өлкө Президенти бир айдын ичинде бул жаатта мыйзамдык базаны иштеп чыгууну тапшырды. Белгилей кетүүчү нерсе, донор бейтаптын жакын тууганы болбогондуктан, ушул кезге чейин өлкөдө органдарды трансплантациялоого уруксат берилген эмес. Мындан улам, статистикага ылайык, өткөн жылы эле 900дөн ашуун бейтап дарылануудан баш тарткан. Натыйжада, өлкөнүн көптөгөн жарандары мындай операцияларды чет өлкөлөрдө жүргүзүүгө аргасыз болушкан.

Кыргызстандын Улуттук банкы жыл башынан бери эң ири интервенцияны ишке ашырганын Sputnik маалымат агенттиги билдирди. Коңшу өлкөнүн каржы көзөмөлдөөчү органы 50 миллион доллардан ашуун акчаны сатыкка чыгарган. Айта кетүүчү жагдай, бул Улуттук банктын жыл башынан берки валюта базарына бешинчи ирет интервенция жасашы. Үч айдын ичинде эле 208 миллион доллардан бир аз ашык акча сатылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков