Костанайда илгерки килемдердин коллекциясы көргөзмөгө коюлду

Костанайда илгерки килемдердин коллекциясы көргөзмөгө коюлду

Эскини эскерүү. Жаш дизайнер Анар Сейитжан эски килемдерди чогултуу менен алектенет. Аларды коллекциялоо идеясы тарыхчы-этнограф Лев Гумилёвдун белгилүү «Хазария» чыгармасын окуп чыккандан кийин пайда болгон. Ошентип, автор карантин мезгилин өз пайдасына жумшаган. Жыйналган экспонаттарын Костанай облустук тарыхый-чөлкөм таануу музейинде «Баштоо» деген тема менен көргөзмөгө койду.

Анар Сейитжан, көргөзмөнүн автору, дизайнер:

- Пандемия учурунда карантинде калган кезде мен ушул теманын үстүндө издене баштадым. Бир нече килемдерди көрүп, биринчисин сатып алууну чечтим. Мен аны Кызылорда облусунан таптым. Баары ошол килемден башталды. Бул менин жашоомдогу эң кооз, эң эски килем болчу. Мына ошентип, коллекциямдын алгачкы экспонаты пайда болду. Кызыгы, бул килемдердин бардыгын токуп, тиккен адамдардын өз колунан же балдары, неберелеринен сатып алдым. Менимче, бул кол өнөрчүлүк эмгектери үй-бүлөлүк баалу кенч болуп саналат.

Бүгүнкү күндө дизайнердин коллекциясында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан, ошондой эле, Батыш Монголиядагы мекендештеринен чогултуп келген 18 эски килем бар. Анын 15 Костанайда көргөзмөгө коюлду. Коллекциядагы эң эски экспонат өткөн кылымдын 40-жылдарына таандык.

Сая Калинова, Костанай облустук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин искусство бөлүмү кафедрасынын жетекчиси:

- Көргөзмө Нооруз майрамынын алдында ачылды. Биринчи күндөн баштап коноктордун аягы үзүлгөн жок. Анткени бул өтө өзөктүү темадагы көргөзмө жана актуалдуулугун жоготпой тургандыгы анык. Көрүүчүлөр тарабынан өткөн мезгилге, тарыхка, казак улутунун гана эмес, башка элдердин тарыхына деген кызыгуучулук бар. Себеби, биздин өлкө көп улуттуу мамлекет. Ошондуктан башка улут өкүлдөрү тарабынан кызыгуучулук жогору. Менин оюмча, көргөзмө өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат.

Костанайда башталган көргөзмө өлкөнүн ар кайсы аймактарында улантылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков