«Улут сыймыктары» даңазаланды

«Улут сыймыктары» даңазаланды

Жамбыл менен Мукагалинин ырлары аркылуу казактын улуттук өзгөчөлүгүн бүткүл дүйнөгө көрсөтүүгө болот. Мындай пикир «Улут сыймыгы» эл аралык онлайн тегерек столдо айтылды. Иш-чара борбор калаада өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына жана Мукагали Макатаевдин 90 жылдыгына арналды. Казактын улуу инсандарына арналган онлайн жолугушууга Казакстан менен Швеция Королдугунун интеллигенциясынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын катышуучулары улуттун улуулугун түшүнүү үчүн анын адабияты менен таанышуу керектигин бир ооздон белгилешти.

Уалихан Калижанулы, филология илимдеринин доктору, окумуштуу:

- Биз өзүбүздүн эгемен өлкө экенибизди, биздин руханиятка кошкон салымыбыз бар экендигин кантип көрсөтөбүз? Биз аны адабиятыбыз жана тарыхыбыз менен көрсөтөбүз. Бул онлайн конференция болгону менен, баары бир Абай айтып кеткендей, Европага эшик ачуу менен барабар. Башкача айтканда, биз өзүбүздүн идеологиябызды, улуттук өзгөчөлүгүбүздү, уникалдуулугубузду дүйнөгө көрсөтүшүбүз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков