IV чейректе окуучулар кандай форматта окуйт?

IV чейректе окуучулар кандай форматта окуйт?

Чын куран айынын 1нен баштап Казакстандын мектептеринде төртүнчү чейрек башталат. Карантиндик чектөөлөрдүн күчөтүлүшүнө байланыштуу борбор калаада билим берүү форматына өзгөртүүлөр киргизилди. Мисалы, борбор калаада 9-11-класстын окуучулары гана, ал эми жогорку жана орто атайын окуу жайларында биринчи курстун студенттери гана аралаш форматта билим алышат. Бүтүрүүчү класстар сабактардын 70 пайызын салттуу форматта окушат. Ал эми класста 15тен ашык окуучу болбошу керек. Ошол эле учурда, бир кеңсе принциби сакталат. Эгерде үч же андан көп окуучуда вирустун белгилери байкалса, анда мектеп эки жумага карантинге жабылат. Бул талап мектепке чейинки окутуу уюмдарына дагы тиешелүү.

Асыл Аманкелди Кызы, шаардык Билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы:

- Окуучулардын андан аркы окуусу, башкача айтканда, кызыл зонадан кийинки кырдаал шаардын эпидемиологиялык абалана байланыштуу болот. Жергиликтүү башкы санитардык дарыгердин чечими менен белгилүү болот.

Ал эми Түркестан облусунда окуучулар төртүнчү чейректи аралаш системада баштайт. Балдардын саны 300дөн ашпаган мектептер окуусун оффлайн форматта улантышат. Класстагы окуучулардын саны 25 баладан көп болбоосу керек. Сабактын узактыгы - 40 мүнөт. Эгерде окуучу бейтаптар менен байланышта болсо, ата-энесинин өтүнүчү менен аралыктан окутууга уруксат берилет.

Ракымбек Жолаев, облустук Адам ресурсун өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы:

- Аралаш формат деп жатканыбыз, 70-80% негизги сабактар мектепте салттуу түрдө окутулат. Калганы жумасына бир жолу музыка, эмгек, укук негиздери, графика жана дизайн, ишкердик жана бизнес сабактары аралыктан электрондук билим берүү платформасы аркылуу жүргүзүлөт.

Костанай облусунда да окуучулар аталган системада билим алышат. Сабактардын жадыбалы жана сабактардын тизмеси ар бир билим берүү мекемеси тарабынан аныкталат. Класста беткапсыз отурууга уруксат берилет.

Зауре Байменова, Костанай облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы:

- Өз кезегинде билим берүү уюмдары окуу жараянын уюштуруу кезинде бардык санитардык ченемдердин жана талаптардын сакталышын камсыз кылышат.

Мындан тышкары, кооптуулуктун «кызыл» дэңгээлиндеги аймактардын билим берүү мекемелеринде сабактан тышкары учурларда окуучулардын жеке окуусуна тыюу салынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков