Казакстанда социалдык тармактарды мыйзам менен жөнгө салуу сунушталды

Казакстанда социалдык тармактарды мыйзам менен жөнгө салуу сунушталды

Сенатта Казакстандагы социалдык тармактарды жөнгө салуу сунушталды. Бул максатта парламенттин жогорку палатасынын депутаттары интернет колдонуучуларды алардын мазмуну үчүн жооптуу кылуучу өзүнчө мыйзам иштеп чыгып, кабыл алууну сунушташты. Бул тууралуу эл өкүлү Бакытжан Жумагулов парламенттик угууда билдирди. Анын айтымында, бүткүл дүйнөлүк желеде жалган маалыматтардын жайылышы улуттук кызыкчылыктардын корголушуна чоң коркунуч келтирүүдө.

Бакытжан Жумагулов, Казакстандын Парламент Сенатынын депутаты:

- Пандемия шартында идеологиялык чакырыктар дүйнө жүзүнө да жайылууда. Жалган маалыматтар мындай вирусту социалдык тармактар аркылуу заматта жуктурушат. Ошондуктан, социалдык тармактар жөнүндө мыйзам кабыл алышыбыз керек. Бул сөз эркиндигине шек келтирүү эмес, социалдык тармактардын колдонуучуларын мыйзам алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу жана мыйзам чыгаруу тутумуна киргизүү болуп саналат.

Ошондой эле, Сенат өкмөткө тил саясаты боюнча колдонулуп жаткан программалык документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуш кылды. Максаты – казак тилинин коомдогу ролун күчөтүү жана анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков