Карантиндик талаптар күчөтүлөт

Карантиндик талаптар күчөтүлөт

Казакстан коронавирустун жайылышына байланыштуу «кызыл аймакка» өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Өткөн суткада коронавируска 1445 адам чалдыккан. Алардын көпчүлүгү Алматы шаарында катталган. Антирейтингдин экинчи тепкичинде Нур-Султан шаары жайгашты. Акыркы сутка ичинде бул жерде 204 бейтап аныкталды.

Бүгүнтөн тарта борбор калаада карантин талаптары күчөтүлдү. Кол коюлган документке ылайык, соода жана көңүл ачуу борборлору, соода түйүндөрү иш күндөрү кечки саат бешке чейин гана иштейт. Аны менен катар, бул объектилерге дем алыш күндөрү иштөөгө тыюу салынат. Ал эми коомдук тамактануу жайлары дем алыш күндөрү өнүмдөрдү жеткирип гана бере алышат. Кинотеатрларга, боулинг жана балдардын оюн-зоок борборлоруна барууга тыюу салынат. Ошондой эле, бүтүрүүчү класстарды эске албаганда, студенттер жана окуучулар аралыктан окутуу форматына өтүшөт. Эске сала кетсек, Нур-Султан шаары коронавирустун жайылышына байланыштуу «кызыл аймакка» кирди. Коомдук саламаттык сактоо башкармасынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 11 миң адам илдетке каршы эмдөөдөн өттү.

Тимур Муратов, Нур-Султан шаары акимчилигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармасынын башчысы:

- Бизде айына 70 миңден ашуун адамды эмдөөгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Азыр буга бардык медициналык уюмдар даяр, керектүү техникалык жабдыктар да, аны менен бирге, окутулган кызматкерлер да бар. Биз вакцинация жүргүзүүгө даярбыз, бирок көйгөй вакциналардын келишинде болуп жатат. Азыр биринчи компонентте бир жумага жетээрлик вакцина бар, ал эми экинчи компонент көбүрөөк, анткени экинчи компоненттин мөөнөтү азырынча келе элек.

Белгилей кетсек, Нур-Султан, Алматы шаарлары менен Атырау жана Батыш Казакстан облустары «кызыл» аймакта турушат. Актөбе, Алматы жана Караганды облустары «сары» зонада жайгашкан. Казакстандыктардан ооруунун жайылышына жол бербөө үчүн санитардык нормалар менен карантиндик режим талаптарын так сактоону өтүнүшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков