Казакстандык студенттерге жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт

Казакстандык студенттерге жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт

Алардын эсебинде жүздөгөн илимий иштеп чыгуулар жана ири социалдык долбоорлор бар. Алар келечек ээлери: Казакстандын экономикасынын, илиминин, маданиятынын жана искусствосунун прогрессинин кыймылдаткычтары. «Болашак» эл аралык уникалдуу программасынын алкагында 27 жыл ичинде 11 миңден ашуун казакстандык ар кандай адистиктер боюнча чет өлкөдөн билим алышты. Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү өз мекени Казакстандагы медицина, IT индустриясы, билим берүү жана инженерия тармагында чакан жана кеңири талап кылынган адистер болуп саналат.

Айнур Карбозова, АК «Эл аралык программалар борборунун» президенти:

- Чет өлкөдө окуу жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Жаңы билим менен тиешелүү тажрыйба топтоп кайтууга болот. Магистр же докторант болосуңбу өз эркиң. Каалашыңча дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларында тажрыйба топтоп, кесипкөй байланыштарды орнотуунун бирден бир жолу. Ошондой эле, Болашак программасынын алкагында кез келген уюм кажеттүүлүгү боюнча өздөрүнүн кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн арттырууга жибере алат.

«Болашак» программасынын алкагында жыл сайын 500дөн ашуун казакстандык чет элдик университеттерде билим алат. Ал эми 500дөн ашык ата мекендик окумуштуу дүйнөнүн алдыңкы илимий борборлорунда такшалмадан өтө алышат, деп белгиледи Эл аралык программалар борбору.

Которгон: Илгиз Жамалбеков