Педагогдорго «Казакстандын эмгек сиңирген мугалими» мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды

Педагогдорго «Казакстандын эмгек сиңирген мугалими» мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды

Казакстанда биринчи жолу «Казакстандын эмгек сиңирген мугалими» мамлекеттик сыйлыгы белгиленди. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген 20дан ашуун мугалимдер Президенттин жарлыгы менен анын биринчи ээлери болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, ардактуу наам мугалимдерге жакшы жетишкендиктери жана мамлекет алдындагы өзгөчө кызматы үчүн берилет.

Ошондой эле, жогорку даражадагы мугалим 1000 АЕК өлчөмүндө бир жолку төлөм алат, бул улуттук валютада 3 миллионго жакын теңге болуп эсептелет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков