Казакстанда STEM билим берүү тутуму өнүктүрүлөт

Казакстанда STEM билим берүү тутуму өнүктүрүлөт

Өлкөдө илимий-техникалык окутуунун бириктирилген ыкмасы киргизилет. Азыркы учурда республикалык деңгээлде ага мүмкүндүк берген STEM билим берүү тутумун өнүктүрүүнүн жол картасы иштелип жатат. Заманбап билим берүүнүн улуттук моделин калыптандырууну көздөгөн документте 11 максаттуу иш-чара камтылган. Биринчи кезекте окутуунун жаңы ыкмасына карата мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу мерчемделген. Ушул айдын аягында өлкөнүн ар бир аймагында бул багытта 100дөн ашуун адистерди даярдоо курстары башталат. Ал эми кийинки жумада өлкөнүн ар бир мектебинде STEM сабаттуулугу боюнча казак жана орус тилдеринде видео сабактар ​​жеткиликтүү болот. Ал үчүн атайын аянтча түзүлдү. Ошондой эле, STEM педагогдор ассоциациясы да куралды. Өткөн жылы пилоттук долбоордун алкагында уюштурулган 4 багыт боюнча 7 жумалык квалификацияны жогорулатуу курстарына 197 миңден ашуун адам кызыгуучулугун билдирген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков