Нур-Султан «Жер сааты» масштабдуу эко-акцияны колдойт

Нур-Султан «Жер сааты» масштабдуу эко-акцияны колдойт

Жалган куран айынын 27-күнү «Жер сааты» масштабдуу экологиялык кампаниясынын алкагында баш калаанын 150дөн ашык объектиси жарыгын өчүрөт. Алардын катарында Президенттин «Акорда» резиденциясы, «Байтерек» жана «Қазақ елі»монументтери, «Мәңгілік ел» дарбазасы, «Азирет Султан» мечити, Улуттук музей, Көз карандысыздык сарайы, Тынчтык жана келишим Сарайы, ошондой эле,«NUR ALEM» келечек энергиясы музейи бар.

Борбор калаанын имараттары гана эмес, аны менен катар, Эйфель мунарасы, Биг Бен жана Колизей сыяктуу дүйнөдөгү эң белгилүү он миңдеген имараттар жарыктарын ишемби күнү 1 саатка өчүрүшөт.

Мындан тышкары, «Жер сааты» акциясы алкагында дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар электр жана тиричилик техникаларын колдонушпайт. Белгилей кетсек, «Жер сааты» эл аралык иш-чарасы жыл сайын Дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду тарабынан өткөрүлүп келет. Акциянын негизги максаты – адамдардын көңүлүн планетанын ресурстарына жоопкерчиликтүү мамиле жасоого жана аны сарамжалдуу пайдаланууга буруу болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков