«100 жаңы ысым»: добуш берүү башталды

«100 жаңы ысым»: добуш берүү башталды

Бүгүн «100 жаңы ысым» долбоорунун IV сезонунун катышуучуларына жалпы элдик добуш берүү башталды. Белгилей кетсек, долбоордун катышуучуларынын арыздары бирдин айынын 22нен жалган куран айынын 22не чейин кабыл алынган. Жалпысынан республиканын бардык аймактарынан 7 номинация боюнча 2790 арыз келип түшкөн. Эң көп арыздар маданият, спорт, билим берүү жана коом категорияларына берилди. Ошондой эле, быйыл алардын катарына жаңы «Экология» номинациясы кошулду. Эске салсак, жаңы ысымдарды аныктоого бардык казакстандыктар катыша алат. Ал үчүн жалган куран айынын 25-31 аралыгында 100janaesim.ruh.kz сайты аркылуу добуш берүүгө болот. Сынактын уюштуруучуларынын айтымында, жеңүүчүлөргө сыйакы берилбейт. Анткени долбоордун негизги максаты – жеңишке жеткендерди коомго үлгү катары көрсөтүү болуп саналат.

Кемелбек Ойшыбаев, Казакстандын Маалымат жана коомдук өнүктүрүү вице-министри:

- Биринчиден, бул долбоордо акчалай сыйакы каралган эмес. Бирок өлкөгө белгилүү болгон жаран көптөгөн натыйжаларды көрө алат. Маселен, биз жеңүүчүлөргө көптөгөн жолугушууларды уюштурабыз, алар өздөрүнүн жасап жаткан иштерин сунуштай алышат. Алар мындай ийгиликке кандайча жеткендигин көрсөтө алат. Ошондуктан, алар жаштарга үлгү катары көрсөтүлөт. Экинчиден, алар өзүлөрүнүн чыгарып жаткан өнүмдөрүбү же башка долбоорлорун болобу, айтор элге айтып жеткире алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков