Казакстанда дүйнөлүк илим жумалыгы өтөт

Казакстанда дүйнөлүк илим жумалыгы өтөт

Чын куран айынын 7-16 аралыгында Нур-Султан шаарында Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жана дүйнөлүк серепчилердин катышуусунда Бүткүл дүйнөлүк илим жумалыгы онлайн режимде өтөт. Анын алкагында эң масштабдуу билим жана илимий-популярдуу иш-чаралардын бири болгон Central Asia Nobel Fest фестивалы уюштурулат. Маалыматка ылайык, быйыл фестиваль «Келечекти куруу» урааны астында өтөт. Анын программасы технологияларды жана инновацияларды үч негизги багытта өнүктүрүүгө: мүмкүнчүлүктөрдүн экономикасы, келечектин индустриясы жана билим берүү тенденцияларына багытталган. Фестивалга бир катар белгилүү серепчилердин, анын ичинде Гуглдын Глобалдык Билим боюнча лидери, Ford Motors компаниясынын дүйнөлүк тренддер боюнча жетекчиси жана Джеффри Сакс, Хавьер Сала-и-Мартин, Майкл Спенс сыяктуу эл аралык экономисттердин катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле, Казакстандагы Бүткүл дүйнөлүк илим жумалыгынын негизги иш-чарасыНобель сыйлыгы лауреаттарынын Казакстан жана Борбор Азия университеттери үчүн окула турган дарстары болот.

Адилет Амиров, Central Asia Nobel Fest фестивалынын координатору:

- Биз илим жана инновациялар фестивалын гана эмес, чын куран айынын 12-16 күндөрү дүйнөлүк илим жумалыгынын алкагында өтө турган Нобель дарстарынын жумалыгын өткөрүүнү чечтик. Фестивалдын өзүндө бизде 5 Нобель сыйлыгынын лауреаты жана «Жыл жаңырыгы» сыйлыгынын 9 лауреаты бар экендигин белгилей кетүү керек, бирок Нобель Лекциясы жумалыгында биз Казакстандын ЖОЖдору үчүн атайын лекция окуй турган 8 Нобель сыйлыгынын ээлерин күтөбүз. Башкача айтканда, бул Казакстандын тарыхында биринчи жолу боло турган окуя. Нобель сыйлыгынын лауреаттары бир жума бою студенттер үчүн атайын лекцияларды окуп, суроо-жооп иретинде талкуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков