Ыктыярчылыкты өнүктүрүү Жол картасы иштелүүдө

Ыктыярчылыкты өнүктүрүү Жол картасы иштелүүдө

Казакстандыктарды кайрымдуулукка жана жакшы иштерге үндөө. Бул максаттаөлкөдө 2021-2023-жылдарга ыктыярчылыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасы иштелип чыгууда. Документте ыктыярчылар кыймылын укуктук, методикалык жана маалыматтык колдоо механизмдери камсыздалат. Аны алдыдагы чын куран айында кабыл алуу күтүлүүдө. Ошондой эле, быйыл кайрымдуулук иштерди колдоонун механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу колго алынган. Анда волонтёрдук кызматты негизги иш тажрыйбасына кошуу сыяктуу түрдүү маселелер камтылган. Буга кошумча, өлкөнүн билим берүү мекемелерине кайрымдуулуктун негиздери боюнча окуу темалары жана факультативдик сааттарды киргизүү көздөлүп жатат.

Бакдаулет Жандилдаев, «Jas Otan» ЖК Нур-Султан шаардык филиалынын төрагасы:

- Ыктыярчыларга акимчилик деңгээлинде же жалпы эле алардын демилгелерин колдоо боюнча көптөгөн иштер жасалып жатат. Мисалы, биз Нур-Султан шаары боюнча «Jas Otan» жаштар канаты ыктыярчыларга мүмкүн болушунча көп меценаттарды таап, алардын жогорку окуу жайларында жана колледждерде бекер билим алуусуна мүмкүнчүлүк берүү боюнча иш алып баруудабыз. Ушул сыктуу иштер ар бир региондоөздөрүнүн аймактык өзгөчөлүктөрүнө жараша жасалып жатат.

Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкөдөгү ыктыярчыларды колдоого багытталган иштердин натыйжасында волонтёрдук уюмдардын жана топтордун саны 600дөн ашып, туруктуу ыктыярчылардын саны 200 миңге жетти. Пандемия учурунда кайрымдуу адамдар 1 миллиондон ашуун муктаж адамдарга жардам колун сунду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков