Байыркынын булактары Улуттук музейдеги көргөзмөгө коюлду

Байыркынын булактары Улуттук музейдеги көргөзмөгө коюлду

Байыркынын булактары. Улуттук музейде Казакстандын Эмгек сиңирген ишмери, өлкөгө белгилүү коллекционер Азат Акимбектин «Атамұра» аттуу көргөзмөсү ачылды. Көпчүлүктүн назарына байыркы экспонаттар төрт тематикалык бөлүмдө сунушталган. Биринчиси, XII-XIX кылымдардагы казактын улуттук көркөм өнөрүнүн экспонаттары жайгашкан. Негизинен улуттук кийимдер, турмуш-тиричилик буюмдары жана курал-жарактар, ат жабдыктары менен зер буюмдар. Экинчи бөлүмдө Борбордук Азия аймагынын араб, фарс жана чагатай тилдериндеги 200дөн ашык кол жазма жыйнактары орун алган. Үчүнчү бөлүмдө өткөн кылымдын белгилүү кылкалем чеберлеринин көркөм чыгармалары коюлган. Алардын арасында Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Орусия сүрөтчүлөрүнүн эмгектери бар. Акыркысында – Верный-Алматы шаарынын 1887-1963-жылдар аралыгындагы жашоосу жана архитектурасын чагылдырган сүрөттөрдүн агымы түзөт. Улуттук музейде орун алган бир жарым миңден ашуун экспонатты Азат Акимбек жарым кылым ичинде топтогонун айтат.

Азат Акимбек, Казакстандын Эмгек сиңирген ишмери, коллекционер:

- Ар бир экспонаттын терең тарыхы жана өзүнүн сыры бар. Мисалы, менин алдымда казак элине белгилүү «кара мылтык» деп аталган казактын атактуу мылтыгы турат. Бул курал Жунгар чабуулу учурунда пайда болгон. Биздин баатыр ата-бабаларыбыз мындай мылтыктарды согушта өз мекенин душмандан коргоо үчүн колдонушкан. Дал ушул мылтыктын 400 тарыхы бар. Бул байыркы учурдагы курал өнөрүнүн уникалдуу эмгектеринин бири. Илбирске аңчылык кылган мергендин курал-жарагы, кардан тазалаган курал дагы бул көргөзмөгө коюлган.

Буга чейин атамекендик коллекционерлер топтогон экспонаттарын Жапония, Түркия, Венгрия, Орусия жана Кыргызстандагы музейлерде көпчүлүктүн назарына сунуштаган. Маданият жана спорт министрлигинин колдоосу менен ачылган көргөзмөнү эки ай бою көрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков