Нооруз беш миң жылдан ашуун убакыттан бери белгиленип келет

Нооруз беш миң жылдан ашуун убакыттан бери белгиленип келет

Нооруз – эң байыркы майрамдардын бири. Ал күн менен түндүн теңелишинин гана эмес, жаратылыштын ойгонуусунун да жышааны. Бул маанилүү майрам беш миң жылдан ашуун убакыттан бери белгиленип келет. Анын географиясы дагы кеңири жайылган. Ноорузду Борбордук Азияда, Балканда, Кара деңизде, Кавказда жана Жакынкы Чыгышта жашаган үч жүз миллиондон ашык адам майрамдайт. Майрам жаңы жашоонун жарчысы деп эсептелет. Бул көптөгөн каада-салттар жана үрп-адаттар менен байланыштуу. Эң башкысы аны ушул күнгө чейин чоң масштабда белгилөө салтка айланган. Буга кошумча, Нооруз ЮНЕСКОнун чечими менен адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген. Ал эми БУУнун Башкы Ассамблеясы аны эл аралык майрам деп жарыялаган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков