Нооруз майрамына карата көргөзмө ачылды

Нооруз майрамына карата көргөзмө ачылды

«Кош келдиң, Нооруз!». Улустун Улуу күнүнө жана Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесине карата борбор калаада ушундай аталыштагы көргөзмө ачылды. Көрүүчүлөрдүн назарына сунушталган картиналарда жаздын күн нуру чачырап тургандай. Майрамдык экспозицияга казак талаасынын узак кыштан кийинки ойгонуп, кулпурган көрүнүшү, Нооруз майрамын белгилеп жаткан кызыктуу учурлар, каада-салттар менен улуттук оюндар чагылдырылган эмгектер тандалып алынган.

Көргөзмөгө борбордун сүрөтчүлөр биримдигинин бардык мүчөлөрүнүн картиналары коюлган. Өнөр сүйүүчүлөр коому майрамдык экспозицияны онлайн жана оффлайн режиминде бир ай бою көрө алышат. Ал үчүн бардык карантиндик чаралар сакталган, дейт уюштуруучулар.

Динара Нугер, «Нур-Султан шаарынын Сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү, сүрөтчү:

- Жалган куран айынын майрам күндөрү - казак эли үчүн эң кубанычтуу күн. Бул бир күндө майрамдала турчу майрам эмес. Жаратылыш ойгонот, ага кошо адам өзү дагы ойгонот. Бул ыр, бий, көңүлдүү маанай. Менин картинамда алтыбакан жана майрамдык жолугушуу чагылдырылган. Мисалы, биз Ноорузду канча күн майрамдай турганыбызды караңызчы.  Сонун эмеспи?! Албетте, бул темага менде жалгыз гана картина эмес, башка эскиздер сериясы да бар. Болгону алар азырынча чоң эмгекке айлана элек. Дал ушул картинадан мен Нооруздун таасирин сезүүгө болот деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков