Казакстанда «социалдык капчык» качан пайда болот?

Казакстанда «социалдык капчык» качан пайда болот?

Казакстанда «социалдык капчык» киргизүү мерчемделүүдө. Бирок система алгач пилоттук режимде сынактан өтүшү керек. Учурда бул долбоордун үстүндө бир катар агенттиктер, анын ичинде Соода жана интеграция министрлиги, Санариптик өнүгүү министрлиги, Улуттук банк, Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги иштеп жатышат. Адистердин айтымында, мындай электрондук капчыктын бир катар артыкчылыктары бар.

Долбоор ишке кошулгандан кийинжарандар эсеп ачуу үчүн кезекке турупубара болбойт. Каражат түздөн-түз социалдык электрондук капчыкка жарандын ЖИНнин негизинде автоматтык түрдө которулат.

Мындай система ата мекендик өндүрүүчүлөргө социалдык маанидеги товарларды түздөн-түз сатып алууга, ошондой эле, коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө мүмкүнчүлүк берет, дешет адистер. Белгилей кетүүчү нерсе, система ишке кошулса, биринчи кезекте даректүү социалдык жардам алуучулар электрондук капчыкка которулат.

Алия Рзаева, Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин Санариптештирүү департаменти мүдүрүнүн орун басары:

- Социалдык төлөмдөрдү алуучу тиешелүү каражаттарды накталай акчага айландырып, электрондук акчаны банктык картага которсо болот. Ушул жылдын аягына чейин тутумдун пилоттук версиясын киргизүү мерчемделүүдө. Ошондой эле, биз аны товар өткөрүү тутуму менен бириктирүүнө көздөп жатабыз, бул мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатты ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн жумшоого мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков