ПЧР-тестинин аныктамасы жок туристтер Казакстанга кире албайт.

ПЧР-тестинин аныктамасы жок туристтер Казакстанга кире албайт.

ПЧР-тестинин аныктамасы жок туристтер Казакстанга кире албайт. Кооптуу илдетке байланыштуу тест тапшыруу туроператорлордун топтомдорунун наркына кошулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Чечим туристтик операторлор жана «Атамекен» УИП жана өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө жөнүндөгү мекемелер аралык комиссия мененталкуулоо жыйынтыгында кабыл алынды. Мындан ары бул катуу тартип чет өлкөлүктөр гана эмес, башка мамлекетке саякаттап кеткен казакстандыктарга да тиешелүү болот. Башкача айтканда, өлкөгө кайтуу үчүн милдеттүү түрдө коронавируска каршы текшерүүдөн өтүү керек.

Эске салсак, буга чейин чет өлкөдө эс алып келген казакстандыктардын 80% коронавирус аныкталгандыгы тууралуу маалымдалган.Эми өлкөдөгү бардык туроператорлор жаңы эрежелер менен кабардар болушту.

Лилия Төлегенова,туроператордук компаниянын мүдүрүнүн орун басары:

- Бизге чет өлкөлөрдөн келүүчү туристтерден ПЧР-тестинин аныктама кагазы болушу керек деген билдирүү келди. Биз аны аткарууну баштадык.Бул COVID-19дун таралуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жаткан аракеттер.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстанда бир күндө чет өлкөдөн келген жарандардын тестине 5,5 миллион теңгеден ашык каражат жумшала тургандыгы айтылган. Ал эми чет өлкөлөрдө туристтер карантиндик ооруканаларда жатуу акысы менен ПЧР анализдеринин наркын өздөрү төлөшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков