«Ислам жана адамзат: кечээ, бүгүн, эртең» көргөзмөсү ачылды

«Ислам жана адамзат: кечээ, бүгүн, эртең» көргөзмөсү ачылды

Борбор калаада Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган «Ислам жана адамзат: кечээ, бүгүн, эртең» аттуу биринчи эл аралык сүрөт көргөзмөсү ачылды. Нурсултан Назарбаев борбору уюштурган көргөзмөгө 45 сүрөт коюлган. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, эл аралык долбоорго даярдык бир Жылга жакын жүргүзүлгөн.

Булат Сарсенбаев, Конфессия аралык жана цивилизация аралык диалогду өнүктүрүү боюнча Н. Назарбаев борборунун башкарма төрагасы:

- Биз тандоонун жүрүшүндө ислам динин, күнүмдүк жашоону, тиричиликти чагылдырган мыкты сүрөт эмгектерин тандап алууга аракет кылдык. Ислам дүйнөдөгү бардык диндер сыяктуу эле тынчтыкты көздөгөн дин экендигин, азыркы заманда бизге кээде жетишпей жаткан руханий дүйнө экенин көрсөткүбүз келет.

Бул көргөзмө Назарбаев борборунун өлкө Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган эл аралык көргөзмөлөр сериясын ачты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков