Унутта калган улуттук тамактар кайрадан жаңыртылат

Унутта калган улуттук тамактар кайрадан жаңыртылат

Карагандылыктар унутта калган улуттук тамактарды бышыруунун ыкмаларын жандандырууну көздөп жатышат. Облустун тарыхый-чөлкөм таануу музейинин өкүлдөрү «Ата-бабалардан калган адал аш» долбоорун башташты. Ай сайын жергиликтүү ашпозчулар казактын жаңы бир тамагын тааныштырат.

«Жаужүрек» тамагы эненин баласына жасаган камкордугун билдирет. Ал адамдын күч-кубатын арттырат деген ишеним бар. Бирок азыр да дасторкондун көркүн ачкан абдан даамдуу тамак. Ошондой эле, анын дарылык касиети да бар, ал миокард инфарктын алдын алат.

Арайлым Саду,  музей кызматкери:

- Бир караганда боор менен ич май майлуу болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок куурулганда андай болбойт. Көптөгөн витаминдерге бай. Бул тамакты энелер уулдарына узак сапарларга чыкканда даярдашкан. Илгери казак энелери уулдарына көп беришкен.

Чөлкөм таануучулар азыркы учурда унутта калган 200дөн ашуун тамак ​​бар экендигин айтышат. Этнографтар аларды жаңыртуу иштерин жүргүзүүдө.

Нарша Ерсин Кызы, музей кызматкери:

- Биз унутулуп калган тамактардын рецепттерин автору белгилүү этнограф Айкерим Мусагожинованын «Казак ашканасы: Салт жана даам» китебинен алабыз. Ал киши атайын ар бир аймакка экспедиция жиберип, эл оозунан жазып, унутта калган тамактарды сунуштаган.

Долбоор бир жылга созулат. Бул убакытта унутулуп бараткан 50гө жакын тамакты кайрадан жасап, видеого тартып, келүүчүлөрдүн назарына тартуулоо мерчеми бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков