«Абай» китеп-альбому жарык көрдү

«Абай» китеп-альбому жарык көрдү

Улуу Абайды кылкалем чеберлеринин көзү менен таануу. Борбор калаада «Абай» китеп-альбомунун бет ачары болду. Жаңы жыйнакка улуу акындын өрнөктүү өмүрү жана таалимдүү чыгармачылыгына арналган көркөм сүрөт искусствосунун эмгектери кирди. Китепке өткөн кылымдагы жана азыркы доордогу ата мекендик сүрөтчүлөрдүн Абайдан шык алып жараткан көркөм сүрөттөрү кирген. Китеп-альбом Түркияда англис тилинде басылып чыкты. Максаты - бүткүл түрк дүйнөсүнө даанышман инсанды жер шаарына кеңири жайылтуу. Деги эле эгемендүүлүк жылдарында казак адабияты чет элдик аудиторияга кеңири тааныштырылып, ата мекендик акын-жазуучулардын көптөгөн чыгармалары дүйнөлүк тилдерге которулган.

Серик Негимов, ЕУУ профессору, филология илимдеринин доктору:

- Түрк компаниясы атактуу, даңазалуу кылкалем чеберлеринин сүрөттөрүн чогултуп, аны архив фонддорунан издеп, таап, музейлерден издеп, баарын жыйнап, системалык түрдө ушундай энциклопедиялык сыпаттагы басылма чыгаруусунун өзү бул руханий тарыхтагы жетишкендик. Ошондуктан Улуу Абайдын түрк дүйнөсүнө жалпы адамзатка мүнөздүү болгон Абай феноменин жайылтуу бул түрк дүйнөсү үчүн чоң жаңылык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков